15:37
USD 86.80
EUR 91.71
RUB 0.87

Кыргызстандын айрым мектептеринин директорлору иштен алына турган болду

Кыргызстандын айрым мектептеринин директорлору иштен алына турган болду. Бул тууралуу бүгүн өлкөдөгү мектеп окуучуларынын мыйзамсыз акча чогултууга каршы болушкан ата-энелери Билим берүү жана илим министрлигине кирип чыккандан кийин маалым болду. Маалыматты 24.kg агенттигине нааразы болгон тарап тастыкташты.

Маалыматка ылайык, учурда ата-энелер, коомдук активисттер министрликтин имаратынын алдында чогулуп, тарабай турушат. Айтымдарында, жалпы билим берүү мекмелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө министликтин 30-сентябрда чыккан буйруктун талаптарын аткарбаган, буйрукка баш ийбей, кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, өз билген иштерин уланткан, ата-энелер тарабынан тастыкталган айрым директорлор иштен алына турган болду.

«Тизмеде жазылган баш калаадагы № 26 гимназия, № 27, Сокулук районундагы Ат-Башы гимназиясы, Кара-Суу шаарындагы мектеп, Шопоков шаарындагы № 1 гимназия мектеби, Новопавловкадагы № 2 мектеп, баш калаадагы№ 64, 42, 77, 44 мектеп директорлору буйрукка баш ийишкен эмес», -дешет чогулгандар.

«Ошондой эле айрым класс жетекчилер дагы мажбурлоо түрү менен окуучулардан акча сурап, «болбосо башка мектепке кеткиле» деп коркуткандары бар. Ош, Бишкек шаарларында жана Чүй облустарынын айрым мектептеринде бул көрүнүш уланууда», -деп билдиришти нааразы тарап.

Маалыматка таянсак, Ош шаарындагы № 5 мектеп, Бишкектеги № 4 гимназия, № 51, 38, 93, 25, 45, 91, 66, 41 орто мектептердин жетекчилиги буйрукка баш ийген эмес. Булардын катарында Кара -Суу районундагы Тельман орто мектеби, Исфана шаарындагы Алишер Навои атындагы мектеп жетекчилиги бар.

Ата-энелердин айтымында, мыйзамга баш ийбеген мектеп жетекчилиги «акча чогултуу гимназияларда гана жоюлду, жөнөкөй мектептерге анын тиешеси жок деп акча сурап жатышат», -дешет. Алар айрым класс жетекчилер акча чогултуу вазыйпасын ата-энелер комитетине оодара салышканын кошумчалашты. Мындан улам ата-энелер бири-бири менен каршы чыгышууда.

«Билим берүү министрлиги гимназия деген макамга ээ мектептер эч кандай ата-энелердин акчасынан көз каранды эмес деди», — дейт ата-энелер.

Эске салсак, мектептерде фонд жоюлсун деген талап менен ата-энелер бир канча айдан бери чыгышууда.

Алгач Новопавловка айылындагы № 1 мектеп-лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектептеги жемкорлук тууралуу айтып чыгышкан.

Алар мектеп фондуна акча чогултууга каршы экенин билдиришип, директорду кызматтан алууну талап кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар