17:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Икрамжан Илмиянов: Мени Орусиядан кармашкан жок, Бишкекке өзүм келгем

Октябрь райондук сотунда президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Сурактын жүрүшүндө Икрамжан Илмиянов күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди. Айтымында, ага карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматты интернеттен жана туугандарынан уккан.

«Иш тууралуу уккандан кийин өзүм Орусиядан Бишкекке келүүнү чечкем. Орусияда менин кармалгандыгым тууралуу эч кандай процессуалдык документтер түзүлгөн эмес. Тактап айтканда, мени ал жактан эч ким кармаган жок. Мен УКМКга көрсөтмө берүүгө келгенде гана айып тагышты. Белорус фирмасынын акчалары тууралуу эч нерсе билбеймин. Эмнеге күбөлөр көрсөтмө берип жатышат, өздөрүнөн сураш керек», -деди ал.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар