02:12
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Икрамжан Илмияновго чыгарылган өкүмгө жактоочулары даттанышат

Президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновго чыгарылган өкүмгө кайра даттанышат. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Кубанычбек Ташбалтаев билдирди.

Анын айтымында, сот Икрамжан Илмияновдун наамына катталган мүлктү конфискациялады. Бирок, башкаларга катталган мүлктөр камактан чыга элек.

Айыпталуучу өкүмгө макул болгон жок. Ал түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Бүгүн Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары мүлкү конфискацияланып, 160 миң сом айып салынды.

Эң көп окулган жаңылыктар