05:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Илмияновдун иши. Сот процессине күбөлөр жана жабырлануучулар келген жок

Бишкектин Октябрь райондук сотунда президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү болушу керек эле. Сот башталганга чейин катчы процесске күбөлөр жана жабырлануучулар келбегенин айтты. Алардын келишин прокурор камсыз кылышы керек болчу. 

Мамлекеттик айыптоочу аталган иш боюнча күбөлөр чет өлкөдө жүргөнүн айтып, жабырлануучулардын өкүлдөрүн кийинки отурумга алып келерин убада кылды. 

Судья Дамирбек Назаров прокурорго эскертүү берип, ал процесстин катышуучуларынын ишин үзгүлтүккө учурашын биринчи жолу гана эмес экенин айтты. 

 Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар