12:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Икрамжан Илмияновдун кайсыл мүлктөрү конфискацияланат. Тизме

Октябрь райондук сотунда президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады. Ал 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары мүлкү конфискацияланып, 160 миң сом айып салынды.

Сотто айыпталуучу адилет өкүм чыгарууну суранды. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу аны 7 жарым жылга эркинен ажыратып, 180 миң сом айып салууну суранган.

Икрамжан Илмияновдун үй-бүлөсүнө тиешелүү конфискациялана турган мүлктөрдүн тизмеси:

1956-жылы туулган Сатар Илмиянов —Икрамжан Илмияновдун атасынын атына жазылган:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан турак үй;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан жер тилкеси;
  • Лейлек районундагы ошол эле айылда жайгашкан сугат жер;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан кайрак айдоо үлүшү;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан жер тилкеси;

1956-жылы туулган Урулкан Илмиянова — Икрамжан Илмияновдун апасынын атына жазылган:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр;

1986-жылы туулган Искендер Илмияновго таандык:

  • Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан турак үй;

1977-жылы туулган Айсулуу Илмияновага таандык:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү;

1981-жылы туулган Раимжан Илмияновго таандык:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы айыл чарба тармагына багытталган жер тилкеси;

Икрамжан Илмияновдун камакка алынган мүлктөрү:

  • Бишкектин четиндеги Ак-Өргө конушундагы жер аянты;
  • Бишкектин Артезиан көчөсүндөгү үй;
  • Бишкек шаарындагы Баба-Ата көчөсүндөгү «Аброр» чайханасы
  • 2007-жылы чыккан Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунаасы;
  • Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Шопоков көчөсүндөгү жер тилке,
  • Чүй облусундагы картон заводу

1983-жылы туулган Айбарчын Илмияновагажазылган:

  • Сокулук районундагы ири көлөмдөгү үч сугат айдоо аянты.

1988-жылы туулган Зулкайнар Илмияновго таандык

  • Сокулуктагы сугат жери;
  • Ак-Өргө конушундагы жер тилкеси.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума