10:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Икрамжан Илмиянов күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди

Октябрь райондук сотунда президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү уланууда. 

Сурактын жүрүшүндө Икрамжан Илмиянов күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди. Айтымында, 40 күбөнүн ичинен болгону бирөөнү гана партиялашы Чыныбек Анарбек уулун гана билет. «Коюлган айыптарга макул эмесмин. Мен күнөөлүү эмесмин, мага коюлган айыптарды дагы мойнума албайм. Бир гана күбөдөн башкасы мени тааныбайт, мен да аларды тааныбайм. Чыныбек Анарбек уулун партиялаш катары гана билем. Ал КСДПнын штабында иштечү», -деди Икрамжан Илмиянов.

Ал белорус фирмасы тууралуу кылмыш иштин материалынан гана билгенин айтты.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби