21-октябрдан 25-октябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу Калык Акиев, Шопоков көчөлөрү жана Жибек Жолу, Чүй проспектилери менен чектеш райондордо газ берилбейт.
Жалпы 4 миң 226 абонент убактылуу газсыз калат.