08:17
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кубатбек Боронов: Бишкек шаарындагы бардык 47 конушка газ киргизилиш керек

Бишкек шаарындагы бардык 47 конушка газ киргизилиш керек. Бул абанын булганышын алдын алуунун бирден-бир чарасы. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын экологиялык абалы талкууланган отурумда билдирди.

«Бишкек шаарында автотранспорт каражаттарынын көптүгү абаны булганышына алып келүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы республика боюнча 1 миллион 211 миң автоунаа катталган, анын 426 миң 241и Бишкек шаарында. Ошондой Бишкек шаарындагы калктуу конуштар жылытуу мезгилинде көмүр колдонгону дагы абанын булганышына алып келүүдө. Буга байланыштуу борбор шаардын конуштарын толугу менен газдаштыруу мезгил талабы», — деди ал.

Отурумда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин директору Мирслав Аманкулов, Бишкек шаарында абанын булганышы белгиленген чектен ашпагандыгы тууралуу маалыматты айтты.

«Бишкекте абадагы зыяндуу заттар атайын орнотулган байкоочу жабдыктар аркылуу аныкталып турат. Айрымдар айтып жаткандай, борбор калаада экологиялык каатчылык жок. Биз курчап турган чөйрөнү зыяндуу заттардан сактоо боюнча өкмөт тараптан бекитилген комплекстүү иш-чараларды аткаруудабыз. Зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын алдын алууда электромобилдерди жана гибриддик автоунааларды сатып алуу үчүн жарандарга стимул берүү боюнча иштер жүрүүдө. Азыр мындай автотранспорт каражаттарын массалык түрдө сатып алынбаса дагы, калк кызыга баштады», — деди Мирслав Аманкулов.

Эң көп окулган жаңылыктар