08:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте өрт коопсуздук эрежелерин бузган беш газ саткан жайга айып салынды

Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкекте жарылуучу газ саткан беш мыйзамсыз уюшулган соода жайын аныктады.

Текшерүү учурунда жарылуучу газдарды сатууда өрт коопсуздук эрежелерин бузган соода түйүндөрү аныкталып, алардын ээлерине акт түзүлүп, 5,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги калктуу конуштарда көчмө автогаз куюучу станцияларды жана тиричилик баллондорун куюу үчүн көчмө цистерналарды коюуга катуу тыюу салынганын эскертет.

«Пропан жана метан менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн аларды пайдаланууда, сактоодо жана ташууда коопсуздук эрежелерин сактоо, ошондой эле жабдуулардын жана газ менен камсыздоо системасынын абалына мониторинг жүргүзүү зарыл», — деп кошумчалады мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар