06:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ИИМ Кутманованын уулу уурдалганы тууралуу маалыматты четке какты

Мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Стамбулда уурдалганы жөнүндө маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы атайын маалымат таратты.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда аны депортациялоо маселеси каралып жатат.

Кутманова буга чейин уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, «Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен» деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп кое беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын билдирген.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «коррупцияга» аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбасын эскертип, мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы мисал кылып, аны «Кумтөрдүн» акчасына байланыштуу айыптаган. Кийинчерээк Кутманова дарегине айтылган мындай айыптоолорду четке каккан.

Министрликке 2021-жылы келген Кутманова кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган, бул үчүн ал өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар