22:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Борбордук Азиядагы мыкты ЖОЖ. Кыргызстандын 2 окуу жайы тизмеге кирди

Британдык изилдөө компаниясы Борбордук Азиядагы жана Чыгыш Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүн мыкты окуу жайларынын рейтингин аныктады.

Тизмеге 350 жогорку окуу жайлары кирген. ЖОЖдор академиялык кадыр-баркы, иш берүүчүнүн имиджи, студенттер менен мугалимдердин өз ара мамилелери сыяктуу ар кандай көрсөткүчтөр боюнча бааланды.

Кыргызстандан мыктылардын арасына БААУ жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети кирди. БААУ тизмеде 163-орунду, «Манас» 190-орунду алды.

Рейтинг боюнча лидерликти М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети алды. Эстония, Чехия жана Польша алгачкы ондукта турат, ал эми Түркия, Казакстан жана Литвадагы окуу жайлар топ-20га кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума