13:23
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Арстан Алайдын билдирүүлөрү экспертизага жөнөтүлдү

Өзүн кудай жарыялаган Арстан Алайдын билдирүүлөрү экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов билдирди.

Ал теңирчилер диний уюм катары каттоодон өткөн эместигин белгиледи.

«Ал эми өзүн «Кудаймын» деп жаткан адамдын айткан сөздөрүнө жараша экспертизага материалдар жөнөтүлгөн. Ошого карата чаралар көрүлөт», — дейт Зайырбек Эргешов.

Анын маалыматында, өлкөдө каттоодон өтпөгөн 20 уюм экстремисттик деп табылды.

Белгилей кетсек, Арстан Алай өзүн «Ааламдын кудайы» деп жарыялап, президент Сооронбай Жээнбековдон президенттик кызматты ага бошотуп берүүнү талап кылган.

Арстан Алай буга чейин «кыш болбойт» деп ишке ашпаган билдирүүсү менен шакабага алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар