10:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Башкы прокурор Арстан Алайдын өлүмү иликтенип жатканын айтты

31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаевдин) өлүмү боюнча тергөө иштери дагы деле жүрүп жатканын билдирди.

Ал Чүйдүн Молдовановка айылындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу № 31 дарылоо мекемесинин кызматкерлеринин иши иликтенип жатканын айтты.

«Арстан Алай үтүктүн токко сайгычын алып, басып жүргөнүн, суу, чай ичип жүргөнүн 24 саат карап отурушат. Карап отуруп бирок чара көрүшкөн эмес. Ал жакта иштеген кыз жаш экен, барганына жети эле ай болуптур. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан «Шалаакылык» беренеси менен иш козголуп тергөө жүрүп жатат», — деди ал.

Башкы прокуратура буга чейин Арстан Алайдын өлүмүнө байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун» беренеси менен иш ачылганын билдирген. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Арстан Алай 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы № 31 дарылоо мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги № 1 тергөө абагынан № 31 мекемеге этап менен которулган. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

16-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Арстан Алайды 15-январга чейин Бишкектеги № 1 тергөө абагына камакка алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстан Алай «диний кастыкты козуткан» деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага «социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган» деген айып коюлган.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар