23:25
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргыз «Мессиси» Гүлжигит Алыкулов тууралуу беш факт

Кыргызстандын  "Ак шумкар" футболдук курама командасына Гүлжигит Алыкулов жайында гана кошулду. Ал биринчи жолу Палестина менен беттешке катышып,  кийин улуттук курма менен «Спартак» стадионунда өткөн Мьянма менен оюнда алгачкы голун киргизди.
 
Бүгүн Улан-Батордо дагы биринчи топту Гүлжигит киргизип, жаштыгына карабай шамдагайлыгын жана чеберчилигин көрсөтө алды.
 
— Гүлжигит Алыкулов «шорпо» каймана аттуу куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу. Агасы Манас Алыкулов шоумен, тамада.
 
— Гүлжигиттин 18 жашта. Футболдогу жолун 2011-жылы «Дордой» клубунан баштаган. Бою 1,7 метр.
— 2017-2018-жылдары Түркиянын «Антальяспор» клубунда ойноду. Кыргызстанда «Дордойдон» сырткары Кара-Балта шаарына ойногон учуру да болгон.
 
— 2019-жылдын башында ал Белоруссиянын «Неман» тобу менен келишимге кол койгон. Белоруссиядагы беттештерде мыктылыгын көрсөтүп, акыркы оюнда ЖМК өкүлдөрү аны «кыргыз Мессиси» деп аташты. Анда Гүлжигит талаанын жарымынан топту өзү алып өтүп, алты атаандашына каршылык көрсөтө алган.
— Социалдык тармактагы баракчаларына караганда Белгия футболчусу Эден Азарды жактырат. Улуттук курама командага кошулганын сыймыктануу менен белгилеген.
 
Эң көп окулган жаңылыктар