21:17
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Шайлоо-2020. Шайлоолорго кетчү болжолдуу чыгымдардын тизмеси

Каржы министрлиги 2020-жылы өткөрүлө турган шайлоолорго кетчү болжолдуу чыгымдар тууралуу маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда 1 миллиард 214,3 миллион сом суммасындагы каражаттар каралган. Анын ичинен 197,9 миллион сом биометрикалык жабдуу менен иштөөгө тартылган операторлордун эмгек акысын эске алуу менен көпчүлүк учурларда биометрикалык жабдууну алмаштырууга жана жаңысын сатып алууга, ошол жабдууну аймактык шайлоо комиссияларына (мындан ары — АШК) жана участкалык шайлоо комиссияларына (мындан ары -УШК) ташып жеткирүүгө коротулат.

Мындан тышкары 54 АШКда жана 2400 УШКда Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 560,4 миллион сом, 2020-жылдын март-май айларында 20 АШКда жана 215 УШКда 31 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого 60,54 миллион сом, 2020-жылдын декабрында 47 АШК жана 1785 УШКда 386 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого 386,1 миллион сом, шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү стратегиясынын иш-чаралар планын жана Стратегияны ишке ашыруу үчүн кабыл алынган айрым мыйзамдарды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарга 9,4 миллион сом коротулат.

Эң көп окулган жаңылыктар