08:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чүйдө адам өлүмүнө шектүүнү кармашты

Жайыл райондук ИИБнын кызматкерлери адам өлүмүнө шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-октябрда 49 жаштагы кишинин бычакталган денеси табылган. Изи сууй электе чогуу жашаган кишини өлтүргөнгө шектүү делген аял кармалды. 

Алдын ала маалыматка ылайык, мас абалдагы 49 жаштагы киши менен шектүү аялдын ортосунда жаңжал чыккан. Аял шеригин бычак менен сайып жиберген, жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда шектүү кармалды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума