17:04
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эрдоган Европага бара турган качкындар үчүн чек арасын ачарын эскертти

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган түрк аскерлеринин Сириянын түндүгүндөгү операциясын айыптаган Европа биримдиги менен араб өлкөлөрүн сынга алды.

Ал 10-октябрдагы телекайрылуусунда эгер алар Анкаранын күрддөргө каршы чабуулун «мыйзамсыз бастырып кирүү» деп расмий тааный турган болсо, ЕБ өлкөлөрү менен чек арасын ачып саларын, 3 миллиондон ашык сириялык качкындын агымын токтотпой коёрун эскертти.

Мындан тышкары Эрдоган Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сисини «өз өлкөсүндөгү демократияны өлтүрүүгө», Сауд Арабияны Йемендеги жай тургундардын өлүмүнө айыптады. Ал Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы чабуулду «террорчулукка каршы күрөш» деп атады. Анын сөзүнө караганда, жортуул башталгандан тартып күрд куралдуу күчтөрүнүн 100дөн ашык жоочусу өлтүрүлдү. Анкара аларды террордук топ деп эсептейт.

Түрк аскер жетекчилери жердеги операциялар күчөгөнүн, абадан 180ден ашык чабуул коюлганын жана анын негизинде ондон ашык айыл-кыштакты ээлеп алышканын маалымдаган.

Күрд аскерлеринин командачылыгы жоготууга учурап жатканын ырастады жана өлгөндөр арасында жайкын тургундар да бар экенин билдирди.

Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы 9-октябрда чабуул баштаган. Бир катар мамлекеттер Анкаранын бул кадамын айыптап жатышат. АКШнын Сенатында Анкараны жазалоо тууралуу демилге көтөрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар