09:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте тергөөчү кылмышты каттоого алган эмес

Бишкектеги Биринчи Май РИИБнын тергөө кызматынын кызматкери жасалган кылмыш тууралуу арызды каттоого алган эмес. Жаап жашыруу фактысынын бетин Башкы прокуратура ачты.

Маалыматка караганда, милицияга Б.Т. аттуу тургун арыз менен кайрылып, телефонун уурдатканын айткан. Бирок, тергөөчү арызды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган эмес.

Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кызмат адамы жасалган кылмыш иш тууралуу билдирүүнү каттоого албай, жаап жашырган» деген берене боюнча каттоого алынды. Ошондой эле буга чейин телефонун уурдаткан жарандын дагы арызы каттоого алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар