18:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Лебединовка айылында 2 күн бою газ берилбейт

9-октябрдан 11-октябрга чейин Лебединовка айылында газ берилбейт. Бул тууралуу «ГазпромКыргызстан» ЖЧК билдирди.

Маалыматка караганда, жаратылыш газы Калинин, Жеңиш, Садовая, Токмок көчөлөрү менен чектеш аймактарда берилбейт.

Эске салсак, аталган аймактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу 9-11-октябрь күндөрү Васильев, Манас, Көкче-Тоо, Түлебердиев жана М. Ганди көчөлөрү менен чектеш аймактарда жаратылыш газы берилбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар