02:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Акчасын концерттен кийин эсептешем деген. Алина Жетигеновага нааразы кеп тарады

Кыргыз эл артисти Алина Жетигеновага нааразы болуп, аны куру убада берген деп айыптаган билдирүү соцтармактарга тарады. Аны Jika Jikulya аттуу колдонуучу жазды.

Айтымында, ырчы январда 40 миң сомдук товар алып ушул убакытка чейин акчасын бербей келген. 

«Ал куру убада берип, концерттен кийин кутулам деген. Андан бери 4 концерт уюштурду. Биз ага насыябыз тууралуу айтканыбызды кулагынын сыртынан кетирди. Ал баардык өтүнүчтөргө жооп бербей калды. Жакында ырчы саат 8де жумушка келип (менин бир тууганым ал убакта иште эмес болчу) тазалоочу кызматкерге кийимдердин баарын алып келип таштап кетиптир. Кийимдердин абалы начар, этикеткасы жана фирманын пакеттери жок!!! Бул артисттин абийири жок! Алина эжеге чалсам «каалаганыңарды кылып алгыла» деди. Мындан ары эмне кылаарымды билбейм», -деп жазган колдонуучу.

Эң көп окулган жаңылыктар