14:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ырчы Самара Каримова Маданият министрлигин сотто утуп алды

Ырчы Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигин сотто утуп алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» министр Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Министрдин айтымында, ырчы эми Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматына кайра бара алат.

«Эмгек кодексине ылайык жагдайда кызматтан бошотулуп калганбы, айтор, соттон утуп алды. «Кызматы кайра калыбына келтирилсин» деген сот чечими бизге келди. Биз аны аткарышыбыз керек», — деди Нуржигит Кадырбеков.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин бул буйрук кайра жокко чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума