10:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Анжелика Кайратова Нурайым Акылбековага продюсер болду

Анжелика Кайратова белгилүү жаш ырчы Нурайым Акылбековага продюсер болду. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмдагы баракчасында билдирди.

Анжеликанын айтымында, Нурайым Акылбекованын апасынын суранычы менен продюсер болууга макулдугун берди.

«Эми мыкты интервью , мыкты композиторлор, акындар , стилисттер , менеджерлер Нурайымдын жеке концертинде бир команда болуп иштешет», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Нурайым Акылбекова казак ырчысы Биржан Туймекан менен дуэт ырдап чыккан. Экөө чогуу бир нече ыр жаздыргандан кийин чыгармачылык дагы, жеке байланышы дагы уланбай калды. Биржан Туймекандун 23-май күнү Бишкектеги жеке концертине Нурайым Акылбекованын келбегендиги көпчүлүктүн нараазычылыгын туудуруп, Нурайымга сын-пикир айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар