13:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Асел Кадырбекованын автокырсыктан кийинки биринчи маеги жарыяланды

Ырчы Асел Кадырбекованын автокырсыктан кийинки биринчи маеги жарыяланды. Анда ал саламаттыгы, үй-бүлөсү жөнүндө айтып берген.

Анын айтымында, кырсыктан кийин бир топко чейин өзүнө келе албай, жада калса кызын да тааныбай жүргөн.

Нурлан Насип менен эки ажырым жолго түшкөн мезгилди — эң оор күн катары эстейт.

«Нурланга ыраазымын, анын үй-бүлөсүнө дагы ракмат. Балким мен ошол учурда көп капа кылып, көп кыйнадым. Жаман сөз айттым», — дейт Асел Кадырбекова.

Эске сала кетсек, Асел Кадырбекова 2020-жылдын 26-июнунда жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун маалыматында, моюн омурткасы, акыреги сынып, башынан жаракат алган.

Эң көп окулган жаңылыктар