21:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Игорь Додон Сооронбай Жээнбековду Молдовага сапар менен келүүгө чакырды

Молдованын президенти Игорь Додон Сооронбай Жээнбековду Молдовага сапар менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн эки өлкөнүн президенттери Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышуунун алкагында жолугушту. Эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Молдова менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирип, учурдагы эки тараптуу мамилелердин деңгээли өлкөлөр ортосундагы потенциалга жооп бербей тургандыгын белгиледи. Ал дагы бир ирет Кыргызстан жана Молдованын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүнүн маанисин баса белгиледи.

Ал мамлекет башчыларынын, парламенттердин жана өкмөттөрдүн деңгээлиндеги диалогду активдештирүүнү сунуштап, Игорь Додонду Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Молдованын президенти өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу экономикалык мамилелерди активдештирүү зарылдыгын айтты.

Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча болгону 1,5 миллион долларын түзүп, анча жогору эмес деңгээлде экенинин баса белгиледи.

Игорь Додон Кыргызстанга расмий сапар менен келүү боюнча Сооронбай Жээнбековдун чакыруусун кабыл алды жана аны дагы Молдовага сапар менен келүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар