06:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Карысы бардын ырысы бар. Атактуулардын ата-энелерине байланыштуу эскерүүлөрү

Кыргызстанда 65 жаштан өткөн жарандардын саны 301 миң, же кыргызстандыктардын 4,7 пайызын түзөт. Ал эми эмгекке жарамдуу курактан улуулардын саны 501 миң. Анын 150 миңи эркектер (63 жаштан жогору), 349 миңи аялдар (58 жаштагылар жана андан улуулар).

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Карылардын эл аралык күнүнө карата айрым атактуулар ата-энеси, чоң ата, чоң апаларына байланыштуу эсте калган учурларын жана эскерүүлөрүн 24.kg агенттиги менен бөлүштү.

Толкун Дайырбекова, продюсер:

— Чоң апам Баатыр эне! Биз кичинекей кезибизде атамдардыкына барганда, эртең менен эрте туруп самоорун жагып, уйун саап, тандырдан нанын чыгарып, эшиктин баарын ачып койчу эле. Жаңы ойгонсоң ушундай укмуш арчанын жыты буркурайт, анан турайын деп жатсам, «жата тур, уктап ал» дей берчү. Ан сайын менин жаткым келбейт эле. Азыр эстесем, мени аяп, эс алып алсын дечү окшойт. Туруп ашканага келсем, чоң атам төрдө отурган болот, зыңгырап, шляпасын кийип алып. Анан каймак менен ысык нан жеп, самоордун чайын ичип, экөө кобурашат эле... Апам атамды «шоопур» деп тергечү. Азыр ошол күндөрдү эстеп, бактылуу небере болуптурмун деп кубанам...

Чоң апам шырдак, төшөк, жана башка буюмдарды өз колу менен жасачу. Биз да аныкына барганда шырдак шырып, жүн тытып, кийиз тээп калчубуз. Азыр апам тирүү болгондо энциклопедия чыгарса боло тургандай маалымат топтолмок деп ойлойм...

Токтайым Үмөталиева, коомдук ишмер:

— Карылардын эл аралык күнүн өткөрүүнүн жаңы формаларын издеш керек деп ойлойм. Мен азыр эле Германиядан классташтарым менен жолугушуудан келе жатам. Ошондой эле бир кездерде апамдын жанында шерик болуп жүрүшкөн немис улутундагы эжелеримди, агайларымды издедим. Алардын 84 жана 85 жаштагы экөөсү менен жолугуп, сагынычымды таркатып келе жатканымды айта кетпесем болбос. Бул арадагы 40 жыл өтпөгөн сымал, атам менен апамды ээрчип жүргөндөй эле сезимдер болду. Улгайып калган агай, эжелерим колума болбой кичинекей пенсиясынан каткан 20-50 маркаларын (Германиянын акча бирдиги) беришип, албасам таарынышкандары... Ыйлап жиберейин деп өзүмдү араң кармандым.

Карылар күнү десе эле чай уюштуруп, концерт коюп берүү менен чектелбеш керек. Эртеси күнү унутуп коюш туура эмес. Мисалы, Жапония элинде күнүгө карыялар күнү.

Алар үчүн мамлекеттик программалар иштейт. Ошол эле пенсияларын топтогон фонддор биздин соцфондко окшош, алардын пенсионер карыялар үчүн спорт жана маданий туризм программалары жылы бою иштеп, кичине мекемелер алардын хоббисин өнүктүрүүгө түзүлгөн.

Аттокур Жапанов, филология илимдеринин кандидаты:

— Ар бир ата-энеге баласы кымбат. Ал эми балага болсо ата-эне кымбатпы? Бул ата-эненин берген тарбиясынан болот. Кандай тарбия берсе, ошондой чоңоёт. Ата-эне баласына санжыра, элдик оозеки чыгармаларды (дастан, жомок ж.б.) айтып берип тарбиялаш керек... Менин ата-энем абдан акылман адамдар, атам мен үчүн Кыдыр ата, апам болсо Умай эне. Ар бир батасы, сөзү ар дайым туура чыгат...

Менин ата-энемдин агаларына болгон урматын бир эле кичинекей мисалда келтирейин. Бала кезим. Башталгыч мектепти «бешке» аяктадым. Кышында койлор тууп бүтүп, акыркы кой козусун жерип салды. Мен аны үйгө төшөгүмө кучактап багып, сүт берип чоңойтуп жаттым. Мен эмне жесем, ошонун жарымын жечү. Мен тоңкош атсам, козум-досум дагы тоңкош атат, секирсем секирет, чуркасам артымдан калбай чуркайт... Ошентип күндөн-күнгө козу досумду абдан жакшы көрүп калдым. Май айына чейин тимеле семиртип салыптырмын. Анан эле бир күнү аталаш агасы шаардан келип калды. Сойгонго семиз козу туугандарынан таппай жатыптыр... Анан менин семиз козумду айыл дагы билет. Атамдан аталаш агасы келип сурайт. Агасына кантип «жок» демек эле, салтта жок да. Мен мектептен келсем, козум жок. «Козум кайда?», — дедим. Атам мага шашпай түшүндүрдү. Мен ыйлап алып талаага кетип калдым. Талаада таарынып ыйлап жатам, ата-энем жаман абалда болушту. Атам түшүндүрүп «Агаң сурап жатса, салт боюнча бериш керек», -деген. Кийин чоңойгондо салтты окуп түшүнбөдүмбү... Бирок азыркыга чейин ошол козу досумду эсимден чыгара албайм... азыр деле айылга барып калганда эле дароо козу досум эсиме түшөт... Ата-энем агаларын сыйлап билген экен... Көрсө, баладан дагы тууган табылбайт экен... Бир тууганыңарды сыйлагыла!

Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин вице-спикери:

— Балачакта ата-энеме байланышкан 2 окуя такыр эстен кетпейт. Бир жолу атка жоолук салып жайлоого чыкканбыз. Атам мени өңөрүп алган, ат чоочуп кулагы титирей бергендиктен, ыйлай баштадым. Акыры атка жоолук салып 2-3 саатта жайлоого жеткенбиз.

Дагы бир окуя 1-майда болгон. Бул күнү дайыма жасанып алып жөө жүрүшкө чыгат элек. Адаттагыдай майрамдын биринде атам мени парадга катышчу унаага салып коюп унутуп калыптыр. Эсимде, аянтта унаа жалгыз эле жүрүп баратат, ичинде мен жалгыз отурам. Атам эстеп кетип унаанын аркасынан чуркап барып мени колуна алган.

Карыялар күнүндө баардык ата-энелерге ден соолук каалайм, өмүрүндө жасаган эмгектеринин акыбети кайтсын, дайыма сыйда жүрүшсүн!

Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:

— Карылар жөнүндө пайгамбарыбыздын айткан осуяты бар. «Кимде ким жаштарды ызааттабаса, карыларды сыйлап урматтабаса- ал бизден эмес» деген. Бул осуят карыларга болгон мамилебиздин өзөгүн түзөт. Мусулман коомчулугу үчүн карыларды сыйлап, алардын батасын алып, көңүлүн алуу- кудай алдында милдет. Карыларыбыз бир күндүк эмес, ар бир күн сайын куттуктоого татыктуу.

Карыларга кандай кызмат көрсөтсөк, жакшылык кылсак, ошону биз келечек муундан үмтөтүшүбүз керек.

Ыраматылык менин чоң энем өмүрү өткөнчө акыл-насаатын айтып, баалуу кеңештерин берчү. Үйгө улуу кишилер келип калганда, бизди кармап алып оозубузга түкүртүп, «ушулардай болосуңар» деп ырым кылчу. Биз балалык кылып качып кетчүбүз. Кийин энебиздин ар бир айткан кебин, иш-аракетин туура экен деп аңдап билдик. Ата-апаларабызга дөөлөттүү карылык каалаймын!

Айнура Бердигулова, кыл кыякчы:

— Бала кезде көк бет болчумун. Апамдын айтымында, бала бакчага бараарда улам бир кийимди кийип, кайра чечип апамды чарчатчу экенмин. Эне байкуш баланын баардык кыялын көтөрө берет турбайбы. Биз өзүбүз балалуу болгондон кийин билдик. Карыларыбыз аман болушсун!

Арзубек Аманов, дизайнер:

— Карылар күнүндө чоң энем катышкан бир окуяны эстедим. Мектепке бара элек кез болчу. Чоң энем алтын сөйкөсүн жоготуп алып, аны үйдөгүлөрдүн баары короо-жайдан издешет. Бирок, таппай коюшуптур. Сөйкөнүн жоголгонун мен билген эмесмин, көчөдөн ойноп келип колумду жууп отуруп сөйкөсүн таап алдым. «Бул кимдики?», — деп кыйкырдым. Апам келип «чоң энеңдики, биз таппаганды сен таап алдың», — деп күлүп сүйүнүшкөн. Кийин мага чоң энем келип «бул сөйкөнү сенин болочоктогу келиничегиңе берем» деген. Арадан 20 жыл өттү, чоң энем азыркыга чейин тагынып жүрөт. Апам дагы «башка небереңизге сөйкөнү берип койбоңуз» деп тамашала айтып калат.

Ата-энелер аман болсун, ар бир бала ата-энесинен ажырабасын!

Эң көп окулган жаңылыктар