14:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Карылардын акыл-насааты- Кыргызстандын баа жеткис байлыгы

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрь- Карыялардын эл аралык күнүнө карата жалпы кыргызстандыктарды куттуктады.  

«Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Ардактуу аталар жана энелер!

Сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Улууларын сыйлоону, өткөнүн унутпай, тарыхын урматтоону -кутман элибиз жаркын келечекти жаратуунун негизги өбөлгөсү катары баалап келген. Муундардын тыгыз байланышын сактоо менен аталардын улуу жолу уланат, бабалардын көөнөргүс каада-салты урпактарга жетет, келечекке көрөӊгү болуп берет.

Сиздер Улуу Ата Мекендик согушта душманды жеңип, тылда эмгектин эрдигин жаратып, кийин ак ниет эмгек менен чарбаны өнүктүрүп, мамлекетибиздин байманасын арттырдыңыздар. Жалындуу жаштык кайратын, бүт өмүрүн өз мекенине арнаган улуу муунга камкордук көрүү — мамлекеттин түздөн-түз милдети. Кыргызстанда ар бир карыябыздын сапаттуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек.

Сиздердин өрнөктүү өмүр жолуңуздар, бай тажрыйбаңыздар жана акыл-насаатыңыздар — Кыргызстандын баа жеткис байлыгы. Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматын каалайм!», -деп жазылат куттуктоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар