07:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ошто жалгыз бой кемпир кайыр сурап отурат

Ошто жалгыз бой кемпир кайыр сурап отурат. Ал жергиликтүү дүкөндөрдүн биринин алдында жерге жатып алган. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кары аялдын уулу каза болуп калган, ал эми кызы неберелери менен Тажикстанда жашайт. 

Ош мэриясы 24.kg агенттигине кемпирдин жатаканадан баш тарткандыгын айтышты. Ал 80 жашта. 

«Анын аты Ашим Анарбаева.Ал Өзгүр айылынын тургуну. Оштогу Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, ал ар кайсы райондордо тилемчилик кылып келет. Социалдык кызматкерлер анын неберелерин кайрымдуулук үйүнө өткөрүп беришкен. Айылда кемпирдин туугандары жана жашай турган үйү бар", -деп билдиришти мэриядан. 

Эң көп окулган жаңылыктар