14:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков Карылар күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кыргыз эли кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жатканын белгилейт.

«Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз. Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт. Көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болууда», — дейт ал.

Быйыл дүйнө коомчулугу Карылар күнүнүн 30-жылдыгын белгилөөдө. Маалым болгондой, бул күн БУУ тарабынан 1990-жылы жарыяланып, 1991-жылдан баштап белгиленүүдө. БУУ пандемия учурунда карыларга өзгөчө кам көрүп, алардын жашоо шартын жакшыртууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума