20:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда акыркы беш жылда пенсия курактагылардын саны 24 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде пенсия курактагылардын саны 100 миңге, же 24 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

2020-жылдын башында Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу курактагы 526 миң адам же өлкөнүн ар бир сегизинчи жашоочусу болгон. Эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу курактагы эркектердин (63 жаш жана андан улуулар) саны 158 миңди же эркектердин 4,9 пайызын түзсө, аялдардын саны (58 жаштагылар жана андан улуулар) 368 миңге жакын адамды же жалпы аялдардын 11,2 пайызын түзөт.

Пенсия курактагылардын арасында аялдардын саны эркектердикине караганда 209 миң адамга, же 2,3 эсеге көп.

2019-жылы эркектердин күтүлүп жаткан өмүрүнүн узактыгы 67,6 жаш болсо, аялдардыкы 75,8 жашты түзгөн. Өмүрдүн узактыгы боюнча ажырым эркек менен аялдардын өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктарга байланыштуу: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда болжол менен бир жарым эсе жогору.

Статистикалык комитеттин билдирүүсүндө, Кыргызстандын калкы акырындап улгаю босогосуна жакындоодо: 65 жаштагылар жана андан улуулар 317 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,9 пайызын түзөт.

БУУнун божомолдоосу боюнча Кыргызстанда мындай тенденция болжол менен 2030-жылдарда пайда болот, ошол мезгилде 65 жаштагы жана андан улуулардын саны 7 пайызга жакындап барат.

КР Социалдык фондунун жана башка министрликтер менен мекемелерде 2019-жылдын аягында каттоодо 715 миңге жакын пенсионер турса, алардын ичинен дээрлик 530 миң адам, же 74 пайызга жакыны жаш курагы боюнча пенсия алуучулар болуп эсептелишкен.

Белгилей кетсек, бүгүн Карылар күнү. Улгайган адамдардын эл аралык күнү жылыга 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар