18:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент Ереванда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрь — 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, ЖЕЭК жыйындары адаттагыдай тар жана кеңири курамда өтөт.

«Бул саммиттин өзгөчөлүгү — анын алкагында Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» Эл аралык форумун уюштуруу пландалууда», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал өткөн жумада Бишкек шаарында «Евразиялык жумалык» ийгиликтүү өткөнүн эске салды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума