18:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нарында жер титиреди

Нарында жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү 3 баллга жетти.

«Жер титирөөнүн очогу Эпкин айылынан түндүк-батышты көздөй беш чакырым, Чаектен түндүк-чыгыш тарапка 15 чакырым аралыкта жайгашкан тилкеде болду. Силкинүүнүн очогу Баш-Кууганды, Эпкин, Байзак, Таш-Дөбө, Түгөл-Сай, Куйручук, Чаек, Чоң-Дөбө, Ак-Татыр, Кызыл-Туу айылдарында 3 балл болуп сезилди», -деп айтылат маалыматта.

Кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар