01:04
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Кыргызстан менен Камерун жана Мозамбиктин ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү

Кыргызстан менен Камерун жана Мозамбик Республикаларынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Нью-Йорк шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Камерун Республикасынын Тышкы иштер министри Мбелла-Мбелла, ошондой эле Мозамбик Республикасынын Тышкы иштер жана кызматташуу министри Жозе Кондугуа Пашеку менен өз өзүнчө эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.

Кыргыз Республикасы менен Камерун Республикасынын ортосунда, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Мозамбик Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен Коммюникелерге кол коюлду.

Биргелешкен Коммюникенин текстинде тараптар БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун, тактап айтканда, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти урматтоо жана бекемдөө, мамлекеттердин улуттук эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, көз карансыздыгын тийиштүү түрдө урматтоо, эл аралык келишимдерди сактоо, мамлекеттин ички иштерине кийгилишпөө принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алып, дипломатиялык мамилелерди түзүштү деп белгиленет.

Кол коюу аземинен кийин тараптар мамлекеттер ортосунда, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар