16:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кирибати, Вануату. Кыргызстан кимдер менен дипломатиялык мамиле түздү

26-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУ Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын аянтчасында министр Чыңгыз Айдарбековдун Кирибатинин, Вануатунун, Сент-Винсент жана Гренадиндердин жана Кабо-Верденин делегацияларынын башчылары менен өз өзүнчө эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен Коммюникелерге кол коюу аземи болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар БУУ Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүү жана БУУнун шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселелерин талкуулады.

Эң көп окулган жаңылыктар