18:29
USD 89.41
EUR 96.91
RUB 0.97

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги майрам күндөрү иштебейт

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги майрам күндөрү иштебейт. Бул тууралуу мекеменин Facebook баракчасында билдирилди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү катары белгиленген. Буга байланыштуу элчилик бул күндөрү жарандарды кабыл албайт.

«Ошону менен бирге, элчиликтин консулдук бөлүмүндө мекендештер консулдук-укуктук жардамды токтоосуз алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгондо, алардын кайрылууларына тез арада жооп берүү үчүн ыкчам телефондор иштейт: +7 925 285 50 47; +7 (925) 115 50 47», — деп кошумчалады мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар