21:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ош шаарына учуп келе жаткан учак Самара аба майданына шашылыш конду

Москванын «Жуковский» аба майданынан Ош шаарына учуп бара жаткан учак Самара аба майданына шашылыш конду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, учактын ичиндеги жаш бала өзүн жаман сезгендиктен шашылыш конушкан.

Куйбышев транспорттук прокуратурасынын маалыматына ылайык, учак кечээ «Курумоч» аба майданына конгон. Балага курч мүнөздөгү вирустук инфекция деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылды. Кийинчерээк учак Ошко учуп кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар