22:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бактуу-Долонотуу айылында аялды зордуктаган жарандын өздүгү аныкталды

Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долонотуу айылында аялды зордуктаган жарандын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы аялды зордуктаган кишинин өздүгү аныкталса дагы аны кармашкан жок.

«Шектүү күнөөнү мойнуна алган жок. Соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалды. Жыйынтыгы боюнча баш коргоо чарасы тууралуу маселе чечилет», -деп билдиришти редакцияга.

Эң көп окулган жаңылыктар