22:06
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алтындан түшкөн акча кайда жумшалаары айтылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттүн жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык келишимди ишке ашыруу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Премьер-министр билдиргендей, өкмөт Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кирүүсүнүн өлкө үчүн пайдалуу шарттарына жетишти. Эми келип түшүүчү акча каражаттарын пайдалануу механизмдерин жаратылышты коргоо жана атамекендик экономиканы өнүктүрүү кызыкчылыгында сапаттуу иштеп чыгуу керек. Айтымында, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондунун маанилүү милдеттеринин бири аймактардагы экспортко, инновациялык технологияларга, жеңил жана тамак-аш өнөр жайына, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө, жер-жерлерде инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган жаңы ишканаларды түзүү жана учурдагыларын колдоо болуп саналат.

«Эки коомдук фондко бөлүнгөн акча каражаттары бекитилген максаттуу багыттар боюнча гана колдонулуш керек. Бул процесстерди өкмөт жана коомчулук тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөйт. Жаратылышты коргоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардыгы ачык жана айкын өтүшү керек. Бул масштабдуу жумуштардын жыйынтыгы жарандардын күмөн саноосуна алып келбеш керек. Ошондуктан биз бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылып жана конструктивдүү ишке даяр болушубуз зарыл», — деди өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума