10:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Аза Мигранян: «Кумтөр» боюнча келишимден Кыргызстан төрт бонус алат

Кыргызстан жана «Центерра Голд» көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы макулдашууга кол коюшту. Ал күчүнө кирди. Республика ала турган кошумча төлөмдөр тууралуу бир канча жолу маалымат берилди. Бирок, макулдашуу мунусу менен гана маанилүү эмес. Кыргызстан үчүн дагы башка жакшы мүмкүнчүлүктөр тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Аза Мигранян айтып берди.

— «Кумтөр» боюнча талаштуу учурларды чечүү эмнелерди бере алат?

— Кол кою алгачкы кезекте Кыргызстанга олуттуу имидждик бонус алып келет.

Бул башка каржылык түшүүлөргө караганда алда канча баалуу. Анткени ири сырткы инвестор менен талаштуу маселенин болушу, каалаган потенциалдуу инвесторду камсыздандыруу тобокелдигин кошумча талап кылууга түртөт. Ага ылайык, бул сырттан келген насыялардын баасына таасирин берет.

Аза Мигранян

Биринчи артыкчылыгы — терс образдагы маселелерди жеңүү жана инвестициялык климатты түзүү үчүн нормалдуу шартка өтүүгө мүмкүндүк. Өлкөгө болгон ишеним шарттары.

Экинчи артыкчылыгы- аяктаган же токтоп турган талаш-тартыш маселеси. Анткени маселенин акыркы чечими тууралуу айтуу мүмкүн эмес. Бул Ысык-Көл аймагындагы социалдык-экономикалык абалга туруктуулук берет. «Кумтөр» аймактагы олуттуу делген оюнчу катары калат, ал жергиликтүүлөрдү жеңилдиктер, жөлөк пул менен камсыз кылат. Ошондой эле, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калкты иш менен камсыз кылууга жардам берет. Бул өтө олуттуу фактор.

Үчүнчү артыкчылыгы- келишимдин шарттары боюнча келечекте туруктуу көрүнүш. Бул «Кумтөрдүн» активдеринин капитализациялары дүйнөлүк фонддук базарларда дагы да туруктуу мүнөзгө ээ болот дегенди билдирет. Ошондо гана капитализациянын деңгээли саясий тобокелчиликтен эмес, алтындын дүйнөлүк конъюнктуралык баасынан көз каранды деп айтсак жарашат. Бул өтө маанилүү. Бул «Кумтөрдүн» кирешелерин келечекте эсептөөгө мүмкүндүк берет.

Дагы бир артыкчылык- «Кумтөрдүн» туруктуу иштеп турушу Кыргызстандын бюджетине туруктуу каражаттын түшүүсүнө мүмкүндүк берет.

— Инвесторлорго карата айтылган маалыматтык сын кампаниялар компаниянын акцияларынын бааларына таасир этеби?

— Албетте. Бирок кол коюлган макулдашуу бар болсо, баардык тараптар тарабынан жактырылып, юридикалык статус берилген болсо анда аталган дискуссиялар чечүүчү мааниге ээ болбойт. Алар сырткы маалыматтык фонду алып жүрүшү мүмкүн, бирок акциянын бааларына тийгизген таасири маанисиз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби