12:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент: Ысык-Көлдөгү 18 авариялык мектепте курулуш иштери жүргүзүлөт

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражат аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда айтты.

Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаттары үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын, бул акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарында 7,  Чүй облусунда 7, Ош шаарында бир  — окуучулар батпай жаткан жалпы 15 мектепке кошумча корпустарды куруу иштери башталганын эске салды.

«Ички миграциянын айынан Чүйдө жана Бишкекте калктын көбөйүшүнөн улам мектептер жетишпей, ушундай чечим чыккан. Эми Бирдиктүү депозиттик эсептин акча каражаттарын республиканын аймактарындагы авариялык абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөгө, жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга жумшалат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы эске салгандай, республика боюнча бардыгы болуп 198 мектеп авариялык абалда. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 24 мектеп, Жети-Өгүз районунда 4 авариялык абалдагы мектеп бар. Быйыл республика боюнча 6 авариялык мектептерде курулуш иштери башталат, октябрь айында Жети-Өгүз районунун Дархан айылына мектеп курула баштайт. Ысык-Көл облусунун калган 18 авариялык мектептеринде дагы курулуш иштери жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар