08:49
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдөгү суу топтоочу жайдын курулушуна капсула салды

Калкты таза суу менен камсыз кылуу —президенттик ишмердүүлүгүмдүн артыкчылыктуу багыты. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булуң айылын суу өткөрүү системасы менен камсыздоочу суу топтоочу жайдын курулушуна капсула салуу иш-чарасында айтты.

Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарында калкты таза суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугун белгиледи. Алыскы аймактардын жашоочуларына ыңгайсыздык жана кыйынчылыкты жаратууда, алардын саламаттыгына зыян келтирилүүдө.

Маалыматка ылайык, Ичке-Булуң айылындагы суу топтоочу жайдын курулушун 2020-жылы бүткөрүү пландалып жатат. Бул үчүн 30 миллион сом акча каражаты каралган.

Сооронбай Жээнбеков республикада ичүүчү суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү жана куруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын айтты. Ал 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилерин белгиледи. Аны менен бирге жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерине кылдаттык менен мамиле кылып, сарамжалдуу колдонууга чыкырды. Бул суу системасынын кызмат өтөө мөөнөтүнө таасир этерин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума