16:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

20-июнга чейин бардык каршылык акцияларын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумун өткөрүү маалында, ИИМкоомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда иш-чараны өткөрүүдө укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо планы иштелип чыгып, күчтөр менен каражаттардын саны бекитилди. Бул максатта ИИМ жана Бишкек ШИИББдин кызматкерлери тартылды.

Ички иштер органдары маршруттук колонналарды, иш-чараны өткөрүү жайларын жана делегациянын жашаган жерин коргоого алышат. Андан сырткары, укукбузган иш-аракеттерди жасоого мүмкүн делген адамдардын жүрүм-турумуна көзөмөл күчөтүлөт.

Бишкекте жана «Бишкек — «Манас» аэропорту» автожолунда автоунаатранспортторунун кыймылына чектөөлөр коюлат. ИИМдин ЖКККББсы шаардын жашоочулары менен конокторуна белгиленген маршруттук кыймыл боюнча жүрүүнү кыскартууну же алтернативдүү маршруттук кыймылды тандоону суранат.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен 1-июндан 20-июнга чейин бардык каршылык акциялары менен митингдерди Бишкек шаарынын М. Горький атындагы эс алуу бакчасынын аймагында гана өткөрүү сунушталды. Аталган чечим, жогорку деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү үчүн азыркы учурда шаардын борбордук көчөлөрүндө жашылдандыруу жана ирээтке келтирүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар