15:04
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

BPN жана Кыргызстан: 20 жылдан бери өлкө экономикасын өнүктүрүүдө

Бул жылы Кыргызстандагы кичи жана орто ишкерликти колдоо боюнча BPN эл аралык программасы (Business Professionals Network) 20 жылдык юбилейин белгилеп жатат. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн миңдеген ишкерлери өнүгүү үчүн керектүү каржыны гана албастан, ишкерликти кантип ийгиликтүү кылуунун жолун үйрөнүштү. 

«Бир жолу иш-чарада менин жолдошума бир ишкер келип, ал Кыргызстанга керек экенин айтыптыр», -деди BPN фондунун президенти жана негиздөөчүсүнүн жубайы Бензли Оппрехт. «Анда Юрг Оппрехт сунушту кабыл алып, макул болгон. 20 жыл мурун кыргызстандыктар кыйналып жашагандыктарын, республиканын калкынын 70 пайызы ишсиз экенин айтышкан. Аларга үй-бүлөсүн багыш үчүн иш керек болчу. Ал эми Советтер Союзу кулагандан кийин өз алдынча иш баштоо кыйын эле», -дейт ал.

Бүгүнкү күндө мындан 20 жыл мурункудай эле BPN программасы өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн кесипкөйлүгүн арттырууга, ишкерликти кеңейтүүгө зор салымын кошуп келет.

20 жыл аралыгында Кыргызстанда 617 ишкер программадан өтүп, 12 миң 326 иш орундары колдоого алынган. 612 семинар жана тренингдер өтүп, 9 миңден ашуун ишкерлер окутулган.

Программанын катышуучуларынын арасында ийгиликтүү компаниялар Dilbar Fashion House Мода үйү, Homeline интернет-провайдер, «Келечек», «Илим», «Точка роста», «Алтын-Тамга» басма үйү, «Саамал» нан азыктарын чыгаруучу жайы, «Раритет» китептер дүкөнү, «Ардамина» тигүү жайы да бар. 

«Бүгүнкү күндө ишкерлерди окутуп, аларды насыялоо менен алекпиз. Эми кеңейүү керектигин жакшы түшүнүп жатабыз. Биз бул үчүн 2 багытты тандап алдык. Биринчиден, биз жаш ишкерлерди тартып, эртерээк ишкерликтин негиздерин окутабыз. Бул жылы BPN швейцариялык университет Санкт-Галлена менен биргеликте жаш ишкерлерди колдоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Конкреттүү бизнес-идеясын ишке ашырууну каалаган жаштар жаш ишкерлер үчүн окутуудан өтүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Иш Бишкектеги ЖОЖдо жүргүзүлөт. Экинчиден, BPN программасынын катышуучулары үчүн эксклюзивдүү семинар уюштуралык деп чечтик. Бул үчүн Швейцариядан эксперттерди чакырабыз, алар өз тажрыйбаларын бөлүшөт. Мындай семинардан кийин коучинг өткөрүлөт», -деди BPN программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Жан-Люк Венгер.

Учурда BPN программа Кыргызстан, Никарагуа, Руанда, Монголия жана Грузияда иштеп жатат. Кеңири маалыматты www.bpn.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Эң көп окулган жаңылыктар