17:21
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Чек ара жаңжалы. Максат жана Эски-Оочу айылындагы орто мектептер ишке киришти

Лейлек районундагы Максат жана Эски-Оочу айылындагы орто мектептер ишке киришти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Максат айылында сабакка 196 окуучунун ичинен 50 окуучу келди. Калгандары чек ара окуясынан кийин коңшу айылдардагы туугандарыныкына кетишкен.

Бешкент айыл өкмөтүндөгү (Эски-Оочу айылы) Момунов атындагы орто мектепте 305 окуучу билим алат. Анда окуу процесси 16-сентябрда токтогон. Имаратка Максат айылынын тургундары убактылуу жайгаштырылган болчу. Бүгүн айылдыктардын 80 пайызы өз үйлөрүнө көчүп келишти

Белгилей кетсек, кечээ, 18-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кыргыз-тажик чек арасында орун алган ок атышуудан жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунунда дарыланып жаткан Максат айылындагы мектептин информатика мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Раимберди уулу Өткүрбектен кабар алган.

Министр жабылануучулардын ал абалын сурап, тезирээк айыгып кетишин каалады. Ошондой эле ал жаракат алгандарга каржылык колдоо көрсөттү.

Эң көп окулган жаңылыктар