13:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чек ара жаңжалы. Жабырлануучулардын бири ооруканада дарыланууда

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын бири дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка ылайык, аскер кызматкери октон жаракат алган. Ага операция жасалып, денесинен окту алып чыгышты.

«Жабырлануучунун абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык. Ал керектүү дары-дармектерди алууда», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, калган жабырлануучулар Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан чыгышты.

Эске салсак, окуя 18-декабрда саат 9да Көк-Таш айылында башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби