21:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чек ара жаңжалы. Максат айылынан 752 тургун көчүрүлдү

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылынан 752 тургун көчүрүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын көпчүлүгүн туугандары жана коңшу калктуу конуштардын жашоочулары алып кетишти.

«130 киши Эски оочу айылынын мектептерине жайгаштырылды. Учурда Максат айылынын тургундары абалдын чыңалуусуна байланыштуу, өз үйлөрүн таштап келишүүдө», -деп билдиришти жергиликтүү аткаминерлер. 

Эң көп окулган жаңылыктар