20:17
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Милиция мамлекеттик бир номер менен 4 унааны башкарып жүргөн

Кыргызстандык жаран бир мамлекеттик номер менен 4 унааны башкарып жүргөн. Анын өздүгү «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган камералардын жардамы менен аныкталды. Бул тууралуу журналисттерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Айтымында,бүгүнкү күндө айрым айдоочулар жасалма мамлекеттик номурларды колдонушууда. Ыманалы Саркулов мисал катары милиция кызматкеринин окуясын келтирди. Тартип сакчы бир номер менен 4 унааны башкарып жүргөн. Ал 108 жолу жол эрежесин бузган.

Тартип сакчысы кызматтан бошотулду. Анын ысымын Ыманалы Саркулов атаган жок. Айтымында, күнөөлүүгө дисциплинардык жаза берилип, айыппул салынды.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби