18:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чек ара жаңжалы. «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы аймактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. ИИМдин өкүлдөрү билдиришкендей, «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков парламенттик комитетке окуянын жүрүшү боюнча маалымат берди.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келгени кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар