06:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чек ара жаңжалы. Өкмөт башчы Баткенге келди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Эске салсак, кечээ ок колдонулган чек ара окуясынын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган.

Тажикстандын бийлиги окту Кыргызстан тарап чыгарганын айтууда. Алар 12 жараны жабыркаганын кабарлашкан.

14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Алар 10 жүк ташуучу унаа менен майда таш төккөн.

Эң көп окулган жаңылыктар