12:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Чек ара жаңжалы. Каза болгон аскердин артында жубайы, 3 баласы жана энеси калды

«Бөрү» атайын кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминов Максат калктуу пунктундагы окуяда кызматтык милдетин аткарып жатканда каза тапты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Аскер кызматкери чек ара жаңжалында тажик тараптан атылган гранатометтун огунан көз жумду.

Равшан Муминов 1978-жылы 31-октябрда Өзбекстанда туулган. Артында жубайы, 3 баласы жана карыган энеси калды.

Эске салсак, кечээ ок колдонулган чек ара окуясынын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Кошумчалай кетсек, кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Тажикстандын бийлиги окту Кыргызстан тарап чыгарганын айтууда. Алар 12 жараны жабыркаганын кабарлашкан. 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Алар 10 жүк ташуучу унаа менен майда таш төккөн.