13:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чек ара жаңжалы. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушту

Согди облусуна караштуу Бободжонгафуров районунун Овчи Калъача калктуу пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилеринин биринчи орун басарлары -Кыргызстандык Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандык Раджабали Рахмонали жолукту. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулап, аны жөнгө салуу маселесин карап чыгышты.

Жакынкы сааттарда эки тараптын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келгени кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби